Ганада ВИЧтен каза болгондор

Гананын СПИД боюнча комиссиясынын директору доктор Кьереме Атуахене өз билдирүүсүндө, өлкөдө ВИЧке чалдыккандардын санынын күн санап өсүп жатканын айтты.

2019550
Ганада ВИЧтен каза болгондор

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Ганада 2022-жылы адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) себеп болгон иммундук жетишсиздик синдромунан (СПИД) 9354 адамдын каза болгону билдирилди.

Гананын СПИД боюнча комиссиясынын директору доктор Кьереме Атуахене өз билдирүүсүндө, өлкөдө ВИЧке чалдыккандардын санынын күн санап өсүп жатканын айтты.

2022-жылы өлкөдө 9 миң 354 кишинин СПИДден каза болгонун белгилеген Атуахене: «Ошол эле жылы 16 миң 574 адам бул илдетти жуктуруп, ВИЧ илдетин жуктургандардын жалпы саны 354 миң 927ге көбөйдү»,-деди.

Atuahene Вич көрсөткүчтөрүнүн эпидемиянын масштабын түшүнүү үчүн абдан маанилүү экенин билдирди.

Комиссиянын ВИЧ/СПИДге каршы иш-аракеттерин уланта турганын баса белгилеген Атуахене, жарандарды вируска каршы текшерүүдөн өтүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар