НАТО өлкөлөрү Түркиянын жана башка шериктештеринин келишимди жандандыруу аракетин кубатташты

НАТО-Украина кеңеши Орусиянын Түркия менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ортосунда сүйлөшүү жүргүзгөн Кара деңиз дан келишиминен чыгышынан кийин аймактагы «олуттуу коопсуздук абалын» чечүү үчүн чогулду.

2016757
НАТО өлкөлөрү Түркиянын жана башка шериктештеринин келишимди жандандыруу аракетин кубатташты

НАТО өлкөлөрү Түркиянын жана башка шериктештеринин келишимди жандандыруу аракетин кубатташты.

НАТО-Украина кеңеши Орусиянын Түркия менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ортосунда сүйлөшүү жүргүзгөн Кара деңиз дан келишиминен чыгышынан кийин аймактагы «олуттуу коопсуздук абалын» чечүү үчүн чогулду.

НАТО-Украина кеңеши 11-12-июль күндөрүндө Литванын борбор шаары Вильнюс шаарында курулгандан кийинки экинчи жыйынын НАТОнун Бельгиянын борбору Брюсселдеги штаб-квартирасында элчи деңгээлинде өткөрдү.

Жыйындан кийин НАТОдон жасалган билдирүүдө, Орусиянын келишимден чыгуу чечими жана Украинанын эгин экспортун токтотуу аракети, Украинадагы порт шаарларына жана дан кампаларына кол салууларынын союздаш өлкөлөр жана Украина тарабынан айыпталганы белгиленди.

Билдирүүдө Йенс Столтенбергдин төмөнкү билдирүүлөрү да камтылган: «Кара деңиздеги кооптуу жана күчөгөн аракеттер үчүн толук жоопкерчиликти Орусия өзүнө алат. Орусия ачарчылыкты курал катары колдонууну жана дүйнөнүн эң аялуу калкын азык-түлүк туруксуздугу менен коркутууну токтотушу керек. Орусиянын аракеттери ошондой эле НАТО үчүн стратегиялык маанилүү Кара деңиз аймагындагы стабилдүүлүккө олуттуу коркунуч туудурат.Шериктештер Украинага колдообузду жана этияттыгыбызды күчөтүүдө. Биз альянстын ар бир карыш жерин ар кандай чабуулдардан коргоого даярбыз».

Билдирүүдө айрыкча, «Шериктештер Түркиянын дан келишимин жандандыруу боюнча уланып жаткан аракеттерин, ошондой эле Болгария менен Румыния баш болгон башка союздаштарынын, ошондой эле Евробиримдик менен БУУнун Украина данынын кургактыктан жана деңизден экспорттоо аракеттерин кубаттайт»,деген баалоо камтылган.

НАТО жана шериктештеринин деңиз күзөтчү учактары жана учкучсуз учуучу аппараттар менен Кара деңиздеги чалгындоо жана байкоо иштерин арттырганына көңүл бурулуп, Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин НАТОнун аймакта болуусун арттырганы эске салынды.



Тектеш кабарлар