Японияда катуу жамгырдан 5 киши каза болду
Япониянын Метеорлогия агенттиги өлкөнүн түштүк батыш аймактарында жуманын акырынан бери нөшөрлөгөн жамгырдын рекорддук деңгээлге жетиши менен эскертүүлөрдү улантууда.
Япониянын түштүк батыш аймактарында катуу жааган жамгырдан улам каза болгондордун саны 5ке жетти.
Япониянын Метеорлогия агенттиги өлкөнүн түштүк батыш аймактарында жуманын акырынан бери нөшөрлөгөн жамгырдын рекорддук деңгээлге жетиши менен эскертүүлөрдү улантууда.
Аймакта Фукуока жана Сага провинциялары менен кошо жамгырдан улам каза болгондордун саны 5ке жетип, 3 кишини издөө иштери уланууда.
Япония Метеорлогия агенттигинин эскертүүлөрүнүн натыйжасында жергиликтүү муниципалитеттер он миңдеген адамды эвакуациялоону талап кылышты.
Жер көчкү жана суу ташкындарына каршы эскертүүлөрүн уланткан агенттик жума ичинде жаан-чачындын Япон деңизине (Чыгыш деңизи) багыт алышы күтүлүп жаткандыгын жарыялады.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.