Европа Адам Укуктары соту Францияга абактардагы ашыкча сыйымдуулуктан улам   жаза берди

Европа Адам Укуктары соту билдирген маалыматка караганда Париждин түштүгүндөгү Фреснес абагында мурдагы  3 кылмышкер 2016 – 2019 -  жылдары  кармалган абакта кишинин көптүгүнөн Францияга доо ачып жеңип чыкты.

2008379
Европа Адам Укуктары соту Францияга абактардагы ашыкча сыйымдуулуктан улам   жаза берди

Европа Адам Укуктары соту билдирген маалыматка караганда Париждин түштүгүндөгү Фреснес абагында мурдагы  3 туткун 2016 – 2019 -  жылдары  кармалган абакта кишинин көптүгүнөн Францияга доо ачып жеңип чыкты.

Сот экөөсү француз болгон 3 туткундун 2019 -  жылы  197 пайыз толгон абакта кармалгандарын Европа Адам Укуктары келишиминин  3 жана  13 -  беренелерине терс деп тапты.

Бул беренелерден  биринчиси «эч кимдин  адамгерчиликсиз жана кадыр - баркты басмырлаган мамилеге дуушар болбой тургнадыгын” экинчиси болсо «расмий бийлик тарабынан да укуктары жана эркиндиктери бузулган ар бир адамга аларды коргой турган органга кайрылууга укук берүүнү» камтууда.

Буга чейин  2020 -  жылы башка бир доодо ушуга окшогон абалдан улам Францияны күнөөлүү деп тапкан Европа Адам Укутары соту бул доодо да башка бир жыйынтыкка баруу үчүн себеп жок деген негиз менен Франциянын 3 добогерге 46 миң евро  айып пул төлөшүнө чечим чыгарган.

Сот өзгөчө бул кылмышкерлердин соттук-укуктук коргоо органдарын колдонбостон Европа Адам Укуктары сотуна кайрылуусу мыйзамсыз экенин белгиледи.

Француз басма сөзүнүн юстиция министрлигинин маалыматына таянып жазган кабарына караганда, өлкөнүн абактарындагы жыштык 120 пайызга жетип, квотадан  ашык 15 миң туткун бар.



Тектеш кабарлар