Россия : "Украина учкучсуз учуучу аппаттар менен кол салды"

Россиянын коргоо министрлиги Украинанын Москва аймагына карата учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу аракетинде болгондугун билдирди.

2006915
Россия  : "Украина учкучсуз учуучу аппаттар менен кол салды"

Россиянын коргоо министрлиги Украинанын Москва аймагына карата учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу аракетинде болгондугун билдирди.

Министрликтен берилген маалыматта : «Бүгүн эрте менен Киев башкаруусунун 5 учкучсуз учуучу аппараты менен Москва аймагы жана Новая Москвадагы буталарга карата террордук кол салуу аракети тоскоолдукка учуратылды»,- деп билдирилди.

Учкучсуз учуучу аппараттрадан төртөсүнүн орус абадан коргоо  системалары тарабынан жардырылгандыгы, бирөөсүнүн да электрондук каражаттар менен тоскоолдукка учуратылгандыгы,  окуяда кыйроо жана жабыркагандардын болбогону белгиленди.

Бир тараптан Москва мэри Сергей Собянин Москвадагы Внуково эл аралык аэропортунда учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу аракетинен улам коопсуздук чараларынын көрүлгөндүгүн айтты.

Аэропортко коно турган учактардын айрымдарынын башка аэропортторго багытталгандыгын белгилеген Собянин, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00ден тарта аэропорттун кадимки иштөө шарттарына кайткандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар