Блинкен Орусиядагы окуяларга баа берди

«CBS News» телеканалына берген маегинде Блинкен Орусиядагы окуяларга баа берди.

2004175
Блинкен Орусиядагы окуяларга баа берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Евгений Пригожин негиздеген «Вагнер» жалданма тобунун орус администрациясына каршы козголоңуна байланыштуу: «Бул жагдай Орусиянын президенти Владимир Путиндин авторитетинин түздөн-түз сыналышы болуп саналат жана терең суроолорду жаратат»,-деди.

«CBS News» телеканалына берген маегинде Блинкен Орусиядагы окуяларга баа берди.

Блинкен Вагнердин орус бийлигине каршы көтөрүлүшү жөнүндө: «Бул жагдай Путиндин бийлигин түздөн-түз сынайт жана терең суроолорду жаратат. Бул чыныгы жаракаларды ачыкка чыгарат. Биз эмне болорун жана кырдаал кандай өнүгө турганын билбейбиз, бирок Путиндин алдыдагы мезгилде жооп бере турган көптөгөн суроолору болот»,-деп өз баасын берди.

Бул өлкөдөгү дипломатиялык кызматкерлерди жана АКШ жарандарын коргоо үчүн Орусия менен байланышка чыккандарын айткан Блинкен: «Көптөр орустар кабар алганына ынануу үчүн адамдар менен байланышты»,- деди.

Блинкен «акыркы кадамдын» Орусияда азырынча көрүнө электигин, мунун өнүгүп келе жаткан бир «окуя» экенин жана АКШнын абалды абдан кылдат жана акырындык менен байкап жатканын айтты.

Вагнердин эмне кыла турганы азырынча белгисиз экенин жана кандай келишимге жетишилгенинин белгисиз экенин белгилеген Блинкен, окуялардын топтун чет өлкөдөгү операцияларына кандай таасир этээрин алдын ала айтуу кыйын экенине көңүл бурду.

Блинкен окуялардын Орусиянын «ички маселеси» экенин, бирок АКШнын ар дайым ар кандай сценарийге даяр экенин белгиледи.

АКШнын негизги көңүл буруусунун Украина болуусун улантканын белгилеген Энтони Блинкен: «Биз Украинанын Орусиядан коргонуу муктаждыктарын камсыз кылууга жана Орусия басып алган аймактарды кайтарып алууга көңүл буруп жатабыз. Бул жаатта шериктештерибиз жана өнөктөштөрүбүз менен биримдиктебиз»,-деп айткан.

Окуяларды Орусия жана Вагнер үчүн «олуттуу алаксытуу» катары баалаган АКШ министри: «Бул Украина үчүн жер-жерлерде прогресске жол ачышы мүмкүн»,-деди.



Тектеш кабарлар