Евробиримдик Косово жана Сербия менен макулдашты

Косовонун премьер-министри Албин Курти жана Сербиянын президенти Александр Вучич кечээ Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Жозеп Боррель менен жолугушту.

2003436
Евробиримдик Косово жана Сербия менен макулдашты

Евробиримдик (ЕБ) Косово жана Сербия менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү зарылчылыгы боюнча макулдашканын жарыялады.

Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Косово менен Сербиянын лидерлеринин кризистин себептери жана анын чечилишине карата мамилесинин ар башка экенин, жаңы шайлоонун зарылдыгы темасында болсо бир пикирге келгендерин билдирди.

Косовонун премьер-министри Албин Курти жана Сербиянын президенти Александр Вучич кечээ Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Жозеп Боррель менен жолугушту.

Өз-өзүнчө өткөрүлгөн жолугушуулардын күн тартиби эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну азайтуу болду.

4,5 саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Евробиримдиктин тараптарга күтүүлөрүн ачык билдиргенин айткан Боррель: «Көйгөйдүн да, чечүүнүн да маңызы - мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Биз Косово жана Сербия менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү зарылдыгы темасында макулдаштык»,- деди.

Косоводон да Сербия менен болгон чыңалууну азайтуу үчүн жаңы шайлоого оң жооп келди.

Косовонун премьер-министри Альбин Курти өлкөнүн түндүгүндөгү жаңы жергиликтүү шайлоолорго жана полициянын шаардык мэриялардан чыгарылышына мыйзамдык негиздер аяктагандан кийин даяр боло ала тургандарын белгилеп: «Биз жаңы жергиликтүү шайлоого ачыкпыз, бирок мунун мыйзамдуу чечими болушу керек, мыйзамсыз болушу мүмкүн эмес», - деди.

Косовонун түндүгүндө сербдер басымдуулук кылган төрт муниципалитетте 23-апрелде кезексиз жергиликтүү шайлоо өтүп бирок сербдер алардын талаптары аткарылбаганы үчүн шайлоого бойкот жарыялашкан.

Шайланган албан мэрлеринин кызматын башташына каршылык көрсөтүлүшү менен аймакта окуялар башталган болчу.



Тектеш кабарлар