Ханиййе Хаманей менен жолугушту

Ирандын руханий лидери Али Хаменей менен  Палестина  Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Хениййе Палестинадагы акыркы окуяларга баа беришти.

2002974
Ханиййе  Хаманей менен жолугушту

Ирандын руханий лидери Али Хаменей менен  Палестина  Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиййе Палестинадагы акыркы окуяларга баа беришти.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин маалыматына караганда, Хаменей борбор шаар Тегеранда Ханиййе жана коштоосундагы делегацияны кабыл алды.

Палестиналык топтордун арасындагы биримдик жана тилектештикке көңүлдөрдү бурган Хаменей  Газадагы акыркы кол салууларда Израилдин топтордун арасында бөлүнүүчүлүктү жаратууга аракет кылып жатканын айтты.

Хаменей  бул аракеттердин текке кеткенин белгилеп,  биримдикке көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин жана бул жолду күчтүүлүк менен улантуу керектигин айтты.

"Палестина жерлери бардык мусулмандардын жери. Ушул себептен мусулмандар ал жерди бошотуу үчүн чыгышы керек",- деген Хаманей мунун бир диний милдет экендигин айтты. 

Хамас кыймылынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Ханиййе Хаменейге   Батыш Шериадагы басып алынган аймактардагы акыркы абалдар тууралуу маалымат берди.

Хениййе  Ирандын Палестина элине колдоо көрсөтүү жана баскынчылыкка каршы алдыңкы сапта экенин белгилеп, Палестина көчөсүнө дем бергенин айтты.

Газага карата блокаданын токтотулушун талап кылган Ханиййе Палестина элинин тик турушунун колдоого алынышын жана бул багыттагы аракеттердин көбөйүшүн талап кылды.

 



Тектеш кабарлар