Израилде нааразылык акциялары уланып жатат

Нетаньяху жетектеген ашынган улутчул коалициялык өкмөттүн сот тартибине каршы жума сайын ишемби күнү кечинде массалык демонстрацияларды өткөргөн израилдиктер, нааразылык акцияларынын 24-жумасында өлкө боюнча аянттарга чыкты.

2001043
Израилде нааразылык акциялары уланып жатат

Израилдиктер премьер-министр Биньямин Нетаньяху жетектеген коалициялык өкмөттүн сот бийлигин чектеген улутчул саясатына жана жөнгө салууларына каршы нааразылык акцияларын улантышууда.

Нетаньяху жетектеген ашынган улутчул коалициялык өкмөттүн сот тартибине каршы жума сайын ишемби күнү кечинде массалык демонстрацияларды өткөргөн израилдиктер, нааразылык акцияларынын 24-жумасында өлкө боюнча аянттарга чыкты.

Израилдин «Yediot Ahronot» гезитинин интернет сайтында орун алган кабарга караганда Тель-Авив, Батыш Кудс, Бирессеби жана Хайфа шаарларында өзгөчө өлкө боюнча өткөрүлгөн көптөгөн демонстрацияга он миңдеген израилдик катышты.

Көп учурда Израил желектери менен «демократия» деп ураан чакырган демонстранттар коалициялык өкмөттөгү ашынган улутчул саясатчыларды сындаган транспаранттарды көтөрүп жүрүштү.



Тектеш кабарлар