Эквадордо болгон жер көчкүдө 65 киши каза болду

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо 27-мартта болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 65ке жеткени билдирилди.

2000669
Эквадордо болгон жер көчкүдө 65 киши каза болду

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо 27-мартта болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 65ке жеткени билдирилди.

Эквадор Улуттук тобокелдиктерди башкаруу катчылыгынан жасалган билдирүүдө Чимборазо штатынын Алауси шаарчасында болгон жер көчкүдө жаңы сөөктөрдүн табылганы белгиленди.

Кырсыкта каза болгондордун саны 65ке жеткени, дайынсыз жоголгондордун болушу мүмкүн экендигине байланыштуу издөө иштеринин бир канча убакытка чейин улана тургандыгы маалымдалды.

Жер көчкүдөн 163 үйдүн жараксыз абалга келип, 60 үй толугу менен талкаланып, 56 адамдын каза болгондугу билдирилген.

Жергиликтүү маалымат каражаттары аймактагы тоодо бир канча убакыттан бери жаракалар пайда болуп, жер көчкүнүн жүрүшүнө себеп болгонун айтышууда.



Тектеш кабарлар