ЮНИСЕФ: "Жер которгон балдардын саны өстү"

ЮНИСЕФ дүйнө жүзү боюнча жер которгон балдарга байланыштуу отчетун жарыялады.

2000017
ЮНИСЕФ: "Жер которгон балдардын саны өстү"

Дүйнөдө жер которгон балдардын саны 43,3 миллионго жетти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча жер которгон балдарга байланыштуу отчетун жарыялады.

Маалыматка ылайык, жер которгон балдардын саны 2022-жылдын аягында 43,3 миллионго жетти.

ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Кэтрин Рассел : «Жер которгон балдардын санынын көбөйүшү бүткүл дүйнөдөгү кагылышуулар, кризистер жана климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан апааттарга байланыштуу», - деди.

Отчетто жер которгон балдардын көпчүлүгүнүн бүт балалыгын ушундайча өткөргөнүнө көңүл бурулуп, «Акыркы 10 жылда аргасыз жер которгон балдардын саны эки эсеге өстү»,-деп айтылды.

Украинадагы согуштун 2 миллион баланы өлкөсүнөн ажыратканы, 1 миллион баланын өлкө ичинде жер которгондугу белгиленди.

Отчетто 43,3 миллион баланын 60 пайызынын кагылышуу жана зомбулуктун натыйжасында жер которгондугу, башпаанек издеген балдардын санынын 17,5 миллионго жеткени маалымдалды.

Судандагы кагылышуулардын себебинен болсо буга чейин 940 миң баланын жер которууга аргасыз болгондугу кабарланган отчетто, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн да миллиондогон баланы өз жеринен ажыратканы билдирилди.



Тектеш кабарлар