АКШда химиотерапия дары-дармектери жетишпей жатат
The Hill гезитинин кабарына караганда, өлкөдөгү онкологиялык борборлор ракты дарылоодо кеңири колдонулган химиотерапия дарыларынын көлөмүнүн жетишсиз экенин билдирди.
Америка Кошмо Штаттардагы (АКШ) онкологиялык борборлор кеңири колдонулган химиотерапиялык дары-дармектердин көлөмү жетишсиз экенин билдиришти.
The Hill гезитинин кабарына караганда, өлкөдөгү онкологиялык борборлор ракты дарылоодо кеңири колдонулган химиотерапия дарыларынын көлөмүнүн жетишсиз экенин билдирди.
Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынын (FDA) Индиядагы дары-дармек чыгаруучу ишканасын убактылуу жабуу дары жетишсиздигинде кыйла таасир эткени жарыяланды.
АКШ Конгрессин дары-дармек менен камсыздоо боюнча жаңы саясаттарды түзүүгө чакырган доктурлар, рак менен ооруган бейтаптарга убактылуу чечимдерден да көбүрөөк муктаж экенин белгилешти.
АКШнын клиникалык онкология коомунун вице-президенти Жули Гролоу: «30 жылдык карьерамда мен химиотерапия үчүн дарылардын азыркы жетишсиздигинен жаманын көргөн эмесмин»,-деди.
Гролоу Кошмо Штаттарда жылына 500 000 рак менен ооруган бейтап дары-дармектердин жетишсиздигинен жабыркашы мүмкүн экенин эскертти.
Дарыгерлердин бул темадагы сунуштары дары-дармектерди өндүрүүнүн жаңы технологиясын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана АКШнын стратегиялык улуттук запастарынын иштешин жакшыртууну камтыйт.