Жамму Кашмирде жер титиреди

Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:33тө болду.

1999043
Жамму Кашмирде жер титиреди

Индиянын көзөмөлүндөгү Жамму Кашмир аймагында күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Индиянын сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, жер титирөө Жамму Кашмирдин Дода аймагында катталды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:33тө 6 чакырым тереңдикте болгон жер титирөөдөн кийин адам өмүрү жана мүлктүк жоготуулар катталган жок.

Бир тараптан жер титирөө Пакистандын Азад Жамму Кашмир аймагы, Лахор, Исламабад жана Пешавар шаарларында да сезилди.



Тектеш кабарлар