Жер Ортолук деңизиндеги мигранттардын өлүмү тууралуу маалымат

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык Миграция Уюму (IOM) быйыл Борбордук Жер Ортолук деңизинде каза болгон мигранттар тууралуу Твиттерден билдирүүсүн бөлүштү.

1996981
Жер Ортолук деңизиндеги мигранттардын өлүмү тууралуу маалымат

Жыл башынан бери Борбордук Жер Ортолук деңизин кесип өтүүгө аракет кылган миңден ашуун мыйзамсыз мигранттардын өлүмү документтештирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык Миграция Уюму (IOM) быйыл Борбордук Жер Ортолук деңизинде каза болгон мигранттар тууралуу Твиттерден билдирүүсүн бөлүштү.

Билдирүүдө жыл башынан бери Борбордук Жер Ортолук деңизинде миңден ашуун мыйзамсыз мигранттардын өлүмү катталып, мунун өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үчтөн бир эсе өсүү болгондугу белгиленди.

Бөлүшүүдө, «Мигранттар Европада коопсуздук, коргоо же жакшы жашоо издеп, күн сайын Борбордук Жер Ортолук деңизин кесип өтүүгө жана ылайыксыз кайыктарга түшүүгө аракет кылышат. Тилекке каршы, тынчсыздандырган өлүмдөрдүн саны бааланбай жатат. Көптөгөн иммигранттардын жардам сурап кайрылуулары угулган жок жана алардын өлүмү эсепке алынган эмес»,деген сөздөр камтылган.

Ошондой эле өлкөлөргө мыйзамсыз мигранттар жана качкындар үчүн коопсуз каналдарын кеңейтүүгө жана тез издөө жана куткаруу иштерине артыкчылык берүү менен мыйзамдуу милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Европага мыйзамсыз миграция агымында Борбордук Жер Ортолук деңиз жолу акыркы жылдарда интенсивдүү кыймыл байкалган маршруттардын бири катары өзгөчөлөнүүдө.

Бул каттамда европалык өкмөттүк эмес уюмдар (БӨУ) адатта европалык өкмөт өкүлдөрүнүн ордуна деңизде жардам сурап кайрылган мыйзамсыз мигранттарды куткарышат. Сөз болуп жаткан бейөкмөт уюмдар Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин «коопсуз порт» камсыз кылбаганы үчүн маал-маалы менен куткарган мыйзамсыз мигранттарды эвакуациялоодо кыйынчылыктарга туш болушат.

Жыл сайын көп сандаган мыйзамсыз мигрант Жер Ортолук деңизинен өтүүгө аракет кылып жатып, кайыктардын оодарылышынын натыйжасында сууга чөгүп же кайыктарга ашыкча толуп алгандыктан суу же аба жетишпей думугуп каза болушат.



Тектеш кабарлар