Гаитидеги сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны

Сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 51ге жетти.

1996267
Гаитидеги сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны

Гаитиде 5-июнда нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 51ге жетти.

Гаитинин Жарандык коргонуу директорлугу (DPC) каза болгондордун саны 51ге, дайынсыздардын саны 18ге, жаракат алгандардын санынын болсо 140га жеткенин маалымдады. 

Өлкө боюнча 820 үй толугу менен кыйрап, 31 миң 591 үйдү суу каптаганы жана 40 миң үй-бүлөнүн эвакуацияланганы кабарланды.

Гаитинин Жарандык коргонуу директорлугунун билдирүүсүндө, өлкөнүн батышынын селден катуу жабыр тартканы, аймактын баш калкалоочу жай, тамак-аш, гигиеналык каражаттар жана таза сууга муктаж экени айтылды.

Премьер-министр Ариэль Хенри улуттук жана эл аралык жардам көрсөтүү үчүн шашылыш кадамдар жасалганын билдирди.

Гаитиде 2016-жылы болгон "Мэтью" бороонунан 800дөн ашуун адам каза тапкан.



Тектеш кабарлар