Индонезияда дарыгер жана медайымдар нааразылык акциясын өткөрүштү

The Tribune гезитинин кабарына караганда, саламаттыкты сактоо кызматкерлери борбор шаар Жакартада Өкүлдөр палатасынын алдына чогулушту.

1995955
Индонезияда дарыгер жана медайымдар нааразылык акциясын өткөрүштү

Индонезияда жүздөгөн дарыгер жана медайым Өкүлдөр палатасында талкууланган саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзам долбоору алардын укуктарын чектеди деген жүйө менен нааразылык акциясына чыгышты.

The Tribune гезитинин кабарына караганда, саламаттыкты сактоо кызматкерлери борбор шаар Жакартада Өкүлдөр палатасынын алдына чогулушту.

Мыйзам долбоору бейтаптардын өзүнө каршы кылмыш арызын жазуусун жеңилдетет деген доктур жана медайымдар тобу сунушка тынчсыздануусун билдиришти.

Индонезиянын Медициналык ассоциациясынын басма сөз катчысы (IDI) Бени Сатриа бул сунушка каршы экендиктерин баса белгилеп, өкмөт алардын талаптарына жооп бербесе, өлкө боюнча иш таштай тургандыктарын эскертти.

Индонезиянын медициналык ассоциациясынын президенти Мохаммед Адиб Хумаиди: «Эгерде бул өкмөт өлкөнүн ден соолук кызыкчылыктарына туура келбеген саламаттыкты сактоо боюнча жаңы мыйзам долбоорунан келип чыккан биздин тынчсызданууларыбызды жана талаптарыбызды аткарбаса, бул нааразылык акциясы саламаттыкты сактоо кызматтарынын убактылуу жабылышына алып келиши мүмкүн»,-деп билдирүү жасады.

Медициналык кызматкерлер жетишсиз болгон аймактарда чет өлкөдөн кадрларды жалдоого уруксат берген мыйзам сунушу бейтаптарга «туура эмес дары» же «дарылоо учурунда туура эмес колдонуу» үчүн медициналык кызматкерлерге каршы кылмыш ишин козгоону жеңилдетет.



Тектеш кабарлар