НАТОнун Косового кошумча аскер жөнөтүү чечими

Столтенберг Норвегиянын борбор шаары Ослодо өткөрүлгөн расмий эмес НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын кире беришинде сөз сүйлөдү.

1993997
НАТОнун Косового кошумча аскер жөнөтүү чечими

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Косового кошумча аскер жиберүү чечиминин НАТОнун саясий чечимден баш тартканын билдирбегенин, бул чечимдин чыңалууну басаңдатууну максат кылганын айтты.

Столтенберг Норвегиянын борбор шаары Ослодо өткөрүлгөн расмий эмес НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын кире беришинде сөз сүйлөдү.

НАТОнун Косового кошумча 700 аскер жөнөтүүсү жана батальондун даяр болушунун альянстын чыңалуунун Европага жайылып кетишинен кооптонуп жатканын билдиреби деген суроого Столтенберг: «Бул НАТОнун саясий чечимден баш тартканын билдирбейт»,-деп жооп берди

Йенс Столтенберг Косовонун түндүгүндөгү чыңалууну басаңдатуу үчүн аскерлерди жибергендерин белгилеп, кырдаал курчуп кетсе бир батальондун да даяр экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Бир тараптан Косоводогу эң чоң серб партиясы болгон Серб тизмесинин төрагасы Горан Ракич алардын талабы боюнча НАТОнун Косоводогу Тынчтык күчүнүн (KFOR) Косовонун түндүгүндөгү Звечан шаарындагы 5 пунктка дагы аскер жайгаштырганын билдирди. 

Төрага Ракич чыңалууну күчөтпөө үчүн аймактын ар кайсы жерлерине аскерлерин жайгаштыруу өтүнүчүнө KFORдон оң жооп алгандарын айтты.

Ракич белгилегендей, KFOR аскерлери тынч митингге чыккан адамдарды коргоо үчүн аймакка барышты.



Тектеш кабарлар