Путин Лула да Силва менен сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинадагы кырдаалды талкуулады.

1991659
Путин Лула да Силва менен сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинадагы кырдаалды талкуулады.

Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Путин менен Лула да Силва телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө  Лула да Силва Путинге Япониянын Хиросима шаарында өткөн Чоң жетиликтин лидерлер саммити жана Украина маселесинин чечилишиндеги ортомчулук демилгелери тууралуу пикирин айтты.

Путин Украинадагы кырдаалдын жүрүшүнө да баа берип  «Киев жана  батыштык колдоочулары   бөгөт койгон саясий жана дипломатиялык диалогго» ачык экендиктерин билдирди.

Сүйлөшүүдө  Россия менен Бразилиянын карым  - катнаштары БРИКС жана башка эл аралык платформалардагы биргелешкен иштер талкууланды.



Тектеш кабарлар