Суданда ок ​​атышпоо келишими

Ок атышууну токтотууга карабастан кээ бир аймактарда кагылышуулар уланууда.

1989535
Суданда ок ​​атышпоо келишими

Суданда бир жумалык ок ​​атышпоо келишими күчүнө кирди.

Сауд Арабия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортомчулугундагы сүйлөшүүлөр жыйынтык берди. Сауд Арабиянын Жидда шаарында Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда кол коюлган ок атышпоо келишими жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:45те күчүнө кирди.

Тараптар ок атышууну токтотууга бир нече саат калганда борбор шаар Хартумдун ар кайсы райондорунда оор жана жеңил куралдар менен кагылышты.

Ок атышууну токтотууга карабастан кээ бир аймактарда кагылышуулар уланууда.

Судандын Дарыгерлер профсоюзу 15-апрелде башталган кагылышууларда 863 жаран каза болуп, 3 миң 531 кишинин жараланганын кабарлады.

Армия бир кезде колдогон бирок көз карандысыз жана параллелдүү армия сыяктуу мамиле кылганы үчүн коркунуч катары кабыл алган Ыкчам колдоо күчтөрүнүн 2 жылдын ичинде армияга толук кошулушун талап кылса, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн болсо жарандык өкмөт орногондон кийин болжол менен 10 жылды камтыган мезгилде муну кабыл алышы мүмкүн экенин жарыялоосу менен башталган чыңалуу 15-апрель күнү эртең менен борбор шаар Хартумда жана ар кайсы шаарларда тараптардын ортосунда куралдуу кагылышууга айланган.

Ыкчам колдоо күчтөрү 2019-жылы төңкөрүш менен бийликтен кулатылган президент Омар ал-Баширдин тушунда Дарфурда козголоңчуларга каршы күрөшүү, чек араларды коргоо жана тартипти сактоо үчүн милиция түзүмү катары түзүлгөн. 2013-жылы Коопсуздук жана чалгындоо уюмуна кошулуп, андан соң көз карандысыздыкка ээ болгон Ыкчам колдоо күчтөрү он миңдеген мүчөдөн турат.



Тектеш кабарлар