Путин : "Бул жылы 55 - 60 миллион тонна дан экспорттойбуз"

Путин орус айыл чарба тармагынын жетекчилери менен борбор шаар Москвада жолугушкан жыйында  өткөн жылы өлкөсүндө рекорддук түшүм алынганын айтты.

1988247
Путин : "Бул жылы 55 - 60  миллион тонна дан экспорттойбуз"

Россиянын президенти Владимир Путин санкцияларга карабастан өткөн жылы 41,6 миллиард долларлык айыл чарба продукциясын экспорттогондорун айып : "Быйыл дан экспортубуз 55-60 миллион тоннанын тегерегинде болот деп күтүп жатабыз",- деди.

Путин орус айыл чарба тармагынын жетекчилери менен борбор шаар Москвада жолугушкан жыйында  өткөн жылы өлкөсүндө рекорддук түшүм алынганын айтты.

2022-жылы жалпысынан 158 миллион тонна дан жыйналганына көңүл бурган Путин : "Бул биздин заманбап тарыхыбызда биринчи жолу түшүм жыйноо деңгээли",- деди.

Санкцияларга карабастан өлкөсүнүн дан экспортун улантып жаткандыгын айткан Путин : «Тышкы соодадагы тоскоолдуктарга карабастан,Россия  өткөн жылы айыл чарба продукциясын экспорттоону 41,6 миллиард долларга жеткирди. Быйыл дан экспортубуз 55-60 миллион тоннанын тегерегинде болорун күтүп жатабыз»,- деди.

Дүйнөлүк дан рыногундагы 19 пайыздык үлүш менен Россия дүйнөдөгү эң ири дан экспорттоочусу.



Тектеш кабарлар