Босния-Герцеговина менен Хорватияда катуу жаан

Бихачтын Кулен Вакуф аймагында көп сандаган үйдү суу каптаганы белгиленген билдирүүдө, өлкөнүн башка аймактарында да сел коркунучунун бар экени айтылды.

1986902
Босния-Герцеговина менен Хорватияда катуу жаан

Босния-Герцеговина менен Хорватияда нөшөрлөп жааган жамгырлар селге алып келди.

Босния-Герцеговина Федерациясынын Жарандык коргонуу департаментинин билдирүүсүндө, өлкөнүн түндүк батышындагы Крайна аймагында кечээ кечинде башталган катуу жамгырдын кесепетинен кээ бир үйлөрдү жана жумуш орундарын суу каптаганы, Уна жана Сана дарыяларындагы суунун деңгээлинин критикалык чекке жеткени кабарланды.

Бихачтын Кулен Вакуф аймагында көп сандаган үйдү суу каптаганы белгиленген билдирүүдө, өлкөнүн башка аймактарында да сел коркунучунун бар экени айтылды.

Босния-Герцеговина Федерациясынын Метеорология институту, жамгырдын өлкө боюнча бейшембиге чейин улана турганын эскертти.

Бир тараптан Сански Мост шаары селден кийин табигый кырсык аймагы деп жарыяланды.

Хорватияда да нөшөрлөп жааган жамгыр Задар аймагына таасирин тийгизип, шаардын көптөгөн жолдорун суу каптады.

Жаандан улам Обровак жана Гракак шаарларында сел жүргөнү, аймакка өрт өчүрүүчүлөр менен эвакуациялоочу катерлердин жиберилгени билдирилди.

Армия 300 кызматкердин селге каршы күрөшүү үчүн аймакта иштеп жатканын маалымдады.



Тектеш кабарлар