Шайлоонун жыйынтыгы дүйнөлүк басма сөздө

Эл аралык маалымат агенттиктери окуяларды «Соңку жаңылык» коду менен бөлүштү. Кабарда шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү да белгиленди.

1986544
Шайлоонун жыйынтыгы дүйнөлүк басма сөздө

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо бүткүл дүйнөдө кызыгуу менен байкалды.

Эл аралык маалымат агенттиктери окуяларды «Соңку жаңылык» коду менен бөлүштү. Кабарда шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү да белгиленди.

Британ басмасы SkyNews : «Үкөктөрдүн 97 пайызга жакыны саналып бүттү, президенттик жарышта Режеп Таййип Эрдоган 49,39 пайыз добуш менен алдыда»,-деди.

Би-Би-Си телерадиокомпаниясы президент Эрдогандын борбор шаар Анкарада сүйлөгөн сөзүндө, керек болсо экинчи айлампага даяр экендерин, бирок дагы эле жеңе аларына ишенгендерин айтканын билдирди.

Рейтер агенттиги добуштарды саноо уланып жаткан шайлоодо эки талапкер тең 50 пайыздык чекти аша албаганын билдирди.

Ассошиэйтед Пресс агенттиги да Эрдогандын шайлоо экинчи турга өтсө өлкөнүн чечимин сыйлай тургандарын айтканын билдирди.

France 24 медиасы шайлоонун экинчи турга өтүшү ыктымал экенин окурмандар менен бөлүштү.

Катарда жайгашкан Al Jazeera телеканалы: «Добуш берүүнүн биринчи жыйынтыктары Эрдогандын атаандашынан алдыда экенин көрсөтүүдө»,-деп берди.

Америкалык The New York Times гезити 5 миллион жаш шайлоочунун биринчи жолу шайлоого катышканын баса белгиледи. Эрдоган менен Кылычдароглунун экинчи турга карата билдирүүлөрүн бөлүштү.

Италиянын ANSA маалымат агенттиги шайлоого катышуучулардын көптүгүнө көңүл бурду.

Middle East Eye гезити болсо шайлоонун экинчи турга калышы күтүлүп жатканын жазды.

«Гардиан» гезити Эрдогандын билдирүүлөрүн окурмандары менен бөлүшүп: «Шайлоо жыйынтыгынын али тактала электиги улутубуздун тандоосунун биз тарапта экени анык экенин өзгөртпөйт»,дегенин берген.

Швецияда чыгуучу Dagens Nyheter гезити да катышуу деңгээли рекорддук деңгээлде экенин баса белгилеген.

Грецияда чыгуучу «Катимерини» гезити да президенттикке талапкерлер 50 пайыздан аша албагандыктан, экинчи шайлоо 28-майда өтөрүн жазды.

Кытайдын Синхуа маалымат агенттиги «Түркиядагы президенттик шайлоо экинчи айлампага калышы ыктымал» деген баш сөздү койгон.

Мамлекеттик телевиберүүсү CCTV да Эрдогандын президенттик шайлоодо атаандашы Кемал Кылычдароглудан артыкчылыкка ээ болгонун баса белгиледи.

Баш кеңсеси Гонконгдо жайгашкан South China Morning Post гезити «Түркия Эрдогандын жетекчилигиндеги шайлоонун тарыхый экинчи айлампасына даярданууда» деген баш сөз менен кабарлады.

Жапониянын мамлекеттик NHK телеканалынын интернет сайтындагы кабарда эки лидердин 28-майда кайрадан жарышаары белгиленди.

Жапон кабар агенттиги JIJI да «Кызматтагы Эрдоган алдыда» аттуу кабарын берди.

«Никкей Азия» гезити «Түркия экинчи айлампага чыгууда» деген фразаны колдонсо, улуттук «Иомиури Шимбун» гезити да өзүнүн кабарында «Президенттик шайлоо экинчи турда» деген баш макаланы пайдаланган.



Тектеш кабарлар