Попокатепетл жанар тоосунда катуу жарылуу болду
Мексиканын Кырсыктарды алдын алуу боюнча улуттук борборунун күнүмдүк иш отчетуна караганда, акыркы 24 саатта жанар тоодо 3 жарылуу болуп,127 жолу газ жана күл сарылыды.
Мексикадагы Попокатепетл жанар тоосунда катуу жарылуулар болду.
Мексиканын Кырсыктарды алдын алуу боюнча улуттук борборунун (CENAPRED) күнүмдүк иш отчетуна караганда, акыркы 24 саатта жанар тоодо 3 жарылуу болуп,127 жолу газ жана күл сапырылды.
Жанар тоодогу жарылуулардын акыркы күндөрү күчөгөнү белгиленди. Жанар тоодон сапырылган күл конуштарга жетип, үйлөрдүн балкондорунда, унаалардын үстүндө күлдөрдүн чогулгандыгы байкалды.
Кошумчалай кетсек, жанар тоонун жанындагы Атликско шаарынын тургундары катуу жарылуулардан улам үйлөрүнүн терезелери сынганын билдиришти.
Жанар тоодо жарылуулардын улана турганын баса белгилеген жетекчилер кратерден алыс болуу жана ден соолукка зыян келтириши мүмкүн болгон күлгө каршы чара көрүү керектигин эскертти.
Бир жылдан ашуун убакыттан бери кыймылдуулугун арттырган Попокатепетл жанар тоосунда жыл башынан бери 476 жарылуу болду.
2022-жылы жанар тоодо жалпысынан 113 жарылуу катталган.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.