АКШда 5 штатта торнадо болду

АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы өткөн түнү Луизиана, Колорадо, Канзас, Небраска жана Оклахома штаттарында кеминде 16 торнадо болгонун билдирди.

1985952
АКШда 5 штатта торнадо болду

Америка Кошмо Штаттарынын ички жана түштүк аймактарындагы 5 штатта кеминде 16 торнадо болду.

АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы өткөн түнү Луизиана, Колорадо, Канзас, Небраска жана Оклахома штаттарында кеминде 16 торнадо болгонун билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары куюндан улам каза болгондор жана жабыркагандардын табыла электигин, бирок кээ бир калктуу конуштардагы үйлөр жана ишканалардын олуттуу зыянга учураганын жазды.

Метеорология кызматкерлери торнадо, мөндүр, нөшөрлөгөн жамгыр жана сел сыяктуу аба ырайынын апта аягына чейин улана турганын эскертип, жарандардан керектүү чараларды көрүүнү суранды.

 



Тектеш кабарлар