Перудагы безгек оорусу
Түштүк Америка өлкөсү Перуда февраль айынан бери безгек оорусунан 80 адам каза болуп, ооругандардын саны 73 миңден ашты.
Түштүк Америка өлкөсү Перуда февраль айынан бери безгек оорусунан 80 адам каза болуп, ооругандардын саны 73 миңден ашты.
Перунун саламаттыкты сактоо министри Роза Гутиеррес безгек менен күрөшүү үчүн 10 миллион долларлык бюджет бөлүшкөнүн билдирди.
Өкмөт оорудан улам 226 райондо өзгөчө кырдаалды дагы 4 айга узартканын жарыялады.
Өлкөдө безгек оорусунан көбөйүшүнө байланыштуу 25-февралда 13 аймакта өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Безгек вирусу адамдарга чиркейлер аркылуу жугат. Негизинен инкубациялык мезгилден кийин жеңил температуранын чыгышына себеп болгон оору кээ бир учурларда өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Бейтаптардын саны жалпысынан "жамгыр мезгили" болгон июнь, сентябрь, декабрь жана март айларында көбөйөт.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.