Зеленский: «Орусиянын агрессивдүү кылмыштарын куугунтуктоо боюнча эл аралык борбор ишин баштайт»

Украина президентинин аппаратынын билдирүүсүнө караганда, Зеленский Украинага каршы согуш кылмыштары боюнча атайын сот түзүү боюнча түзүлгөн коалицияга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин онлайн жыйынында сөз сүйлөдү.

1984687
Зеленский: «Орусиянын агрессивдүү кылмыштарын куугунтуктоо боюнча эл аралык борбор ишин баштайт»

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский быйыл жайында Нидерландиянын Гаага шаарында Орусиянын агрессивдүү кылмыштарын куугунтуктоо боюнча эл аралык борбор ишин баштаарын билдирди.

Украина президентинин аппаратынын билдирүүсүнө караганда, Зеленский Украинага каршы согуш кылмыштары боюнча атайын сот түзүү боюнча түзүлгөн коалицияга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин онлайн жыйынында сөз сүйлөдү.

Украинага каршы согуш кылмыштарын жасагандарды жазалоо үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын белгилеген Зеленский: «Орусиянын агрессивдүү кылмышы азыр 21-кылымды глобалдык катастрофанын босогосуна алып келди»,-деди.

Эл аралык кылмыш сотунун баскынчылык кылмышы боюнча ыйгарым укукка ээ эмес экенине көңүл бурган Зеленский: «Ошондуктан глобалдык укук системасын толуктай турган бир сотко муктаждык бар»,-деп айтты.

Зеленский Орусия үчүн атайын сот түзүү үчүн түзүлгөн коалицияга кирген өлкөлөрдүн саны 37 экенин жана бул дагы көбөйө турганын айтты.

Украинанын президенти: «Эл аралык Орусиянын агрессивдүү кылмыштарын куугунтуктоо боюнча борбор быйыл жайында Гаагада ишин баштайт. Бул сот үчүн анын материалдарын иштеп чыгууда практикалык кадам болот», - деди.



Тектеш кабарлар