Орусия Азербайжан-Армения маселесинин чечилишине карата жардамдарды кубаттайт

Песков Түштүк Кавказдагы маселеге байланыштуу Азербайжан жана Армения жетекчилеринин АКШ тарап менен жолугушуусу тууралуу суроолорго жооп берди.

1981981
Орусия Азербайжан-Армения маселесинин чечилишине карата жардамдарды кубаттайт

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы көйгөйдүн чечилишине карата жардамдарды кубаттай тургандарын, бирок мунун Орусия менен кол коюлган үч тараптуу декларациялардын негизинде болушу керектигин айтты.

Песков Түштүк Кавказдагы маселеге байланыштуу Азербайжан жана Армения жетекчилеринин АКШ тарап менен жолугушуусу тууралуу суроолорго жооп берди.

Орусиянын Азербайжан жана Армения менен кол койгон декларацияларынан тышкары Азербайжан менен Армениянын ортосундагы макулдашууга салым кошо турган башка мыйзамдык негиз жок экенине басым жасаган Песков, азырынча бул документтерге альтернативанын жоктугуна көңүл бурду.

Песков: «Эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы көйгөйлөрдүн чечилиши, аймактагы чыңалууну басаңдатуу боюнча кээ бир биргелешкен аракеттердин жана кадамдардын ишке ашуусу, биринчи кезекте Орусия менен кол коюлган үч тараптуу документтердин негизинде мүмкүн»,-деп айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин азербайжандык жана армениялык кесиптеши менен сүйлөшүүсүнө байланыштуу да Песков, чечүүчү жол табууга карата ар кандай жардамдардын кубатталарын айтты.



Тектеш кабарлар