АКШга мыйзамсыз мигранттардын агымы

11-майда бүтө турган мыйзамдуу чектөөлөрдөн кийин АКШ чек арасына келген мыйзамсыз мигранттардын санынын көбөйүшү күтүлүүдө.

1982177
АКШга мыйзамсыз мигранттардын агымы

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) өкмөтү, мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотуу үчүн Мексика чек арасына кошумча 1500 аскер жиберет.

Өкмөткө жакын булактардын айтымында, АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы АКШдан мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо процессин тездетүүчү мыйзам жокко чыгарылар алдында чек араны көзөмөлдөө үчүн кошумча 1500 аскерди жайгаштырат.

Өкмөттүн бул чечиминин, 11-майда бүтө турган мыйзамдуу чектөөлөрдөн кийин АКШ чек арасына келген мыйзамсыз мигранттардын саны абдан көбөйөт деген күтүүгө негизделгени белгиленди.

Жаңы дайындалган аскер бөлүгүнүн 90 күн бою чек ара аймагындагы административдик милдеттерге катышып, кандайдыр бир укук коргоо функциясын аткарбай турганы айтылды.

Америкалык маалымат каражаттары, акыркы күндөрдө өлкөнүн түштүк чек арасынан күн сайын болжол менен 7 миңдей мыйзамсыз мигранттын келгенин жана бул сандын алдыдагы апталарда дагы да көбөйүшү күтүлгөнүн кабарлады.



Тектеш кабарлар