Пакистандагы сел: 5 адам каза болду
Белужистан провинциясында 24 саат бою жааган жамгырдын селге себеп болгону кабарланды.
Пакистанда нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селде 5 киши каза болду.
Аймактык апааттарды башкаруу башкармалыгынын (PDMA) билдирүүсүндө, өлкөнүн Белужистан провинциясында 24 саат бою жааган жамгырдын селге себеп болгону кабарланды.
Билдирүүдө Белужистандын аймактарынан Хуздарда 2, Лабеллада 2, Кечте 1 кишинин суу ташкындары жана кырсыктардан улам каза болгондугу белгиленди.
Билдирүүдө, нөшөрлөгөн жамгырдын себебинен Белужистанга каттамда маанилүү негизги эки жолдун жабылышынын натыйжасында провинциянын өлкөнүн калган бөлүгү менен байланышы үзүлгөнү, кеминде 10 аймактагы ондогон үйлөр жана айыл чарба талааларынын зыян тартканы айтылды.
Белужистанда 19-мартта жааган жамгыр себеп болгон сел апаатынын кесепетинен 8и бир үй-бүлөдөн 10 киши каза тапкан.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.