Бельгияда мугалимдер иш ташташты

Нааразылык акциясы жана иш таштоо эртең мененки сааттан бери шаардын борборунда билим берүүнүн жана транспорттун үзгүлтүккө учурашына себеп болду.

1980311
Бельгияда мугалимдер иш ташташты

Бельгиянын борбору Брюсселде мугалимдер, билим берүү системасындагы терс көрүнүштөргө нааразылык билдирип иш ташташты.

Социалисттик, либералдык жана христиандык профсоюздардын чакырыгы менен бир нече миң мугалимдер ашыкча иштөөгө, бир класста окуучулардын көптүгүнө, бөлүнгөн ресурстардын жетишсиздигине жана психологиялык колдоонун жоктугуна нааразы болуп жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:30да Миди вокзалынын алдына чогулушту.

Көк жана кызыл түстөгү кийимдерди кийген демонстранттар Либералдык партиянын башкы кеңсесинин алдында ураандарды чакырышты.

Калың топ андан соң Борбордук темир жол вокзалынын жанындагы Альбертин аянтында күтүп турган жашыл кийимчен христиан профсоюзунун мүчөлөрү менен кошулду.

Мугалимдер «Дем алууга уруксат бергиле» деген ураан менен өкмөт үйүн көздөй жөнөштү.

Нааразылык акциясы жана иш таштоо эртең мененки сааттан бери шаардын борборунда билим берүүнүн жана транспорттун үзгүлтүккө учурашына себеп болду.



Тектеш кабарлар