Путин Херсон жана Луганск облустарына барды

Билдирүүдө сапарлардын качан ишке ашкандыгы тууралуу маалымат берилген жок.

1976412
Путин Херсон жана Луганск облустарына барды

Орусиянын президенти Владимир Путин, өлкөсү Украинада мыйзамсыз аннексияланган Херсон жана Луганск облустарына барды.

Кремлдин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда Путин, Херсон шаарындагы «Днепр» согуштук тобунун штабына барды.

Херсон жана Запорожье облустарындагы абал тууралуу маалымат алган Путин Луганск облусуна да барып, бул жердеги “Восток” согуштук тобунун штабында болду жана аймактагы кырдаал боюнча аскер жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрдү.

Билдирүүдө сапарлардын качан ишке ашкандыгы тууралуу маалымат берилген жок.

Путин 18-мартта Донецк облусунун Мариуполь шаарына да барган.

2022-жылдын 30-сентябрында Кремль сарайында өткөрүлгөн аземде Путин кол койгон документтер менен Украинанын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон аймактары мыйзамсыз түрдө аннексияланган.



Тектеш кабарлар