АКШдагы куюн: 5 адам каза болду
Куюндун себебинен бак-дарактар кулап, үйлөрдүн чатырлары талкаланды.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Миссури штатындагы бороон-чапкындан кеминде 5 адам каза тапты.
Сент-Луис шаарынан 80 километр түштүктө болгон куюн алгачкы аныктамаларга караганда 5 кишинин өмүрүн алып, артында чоң кыйранды калтырды.
Куюндун себебинен бак-дарактар кулап, үйлөрдүн чатырлары талкаланды.
Издөө-куткаруу иштери уланып жаткан штатта куюн асманга көтөрүлө электе 30 километрдей жерде турду жана бул убакытта алдындагы нерселердин баарын учурду.
Миссури штатынын автожол полициясы куюндун кесепетин көрсөткөн дрон видеолорун Твиттерден бөлүшүп, адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн жарандарга кооптуу аймактан алыс болууну сунуштады.
Катуу куюндун саатына болжол менен 210 километр ылдамдыкта жылганы кабарланды.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.