Зеленский Польшанын эң жогорку ордени менен сыйланды

Польшанын президенти Дуда Зеленскийге орденди президенттик сарайда тапшырды.

1970442
Зеленский Польшанын эң жогорку ордени менен сыйланды

Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Польшанын президенти Анджей Дуда өлкөдөгү эң жогорку сыйлык болгон “Ак бүркүт” орденин тапшырды.

Польшанын президенти Дуда Зеленскийге жогоруда аталган орденди президенттик сарайда тапшырды.

Зеленскийге Польша менен Украинанын ортосундагы мамилени тереңдетүүдө көрсөткөн жакшы сапаттары үчүн ыраазычылык билдирген Дуда коопсуздук ишмердүүлүгү, күрөшү жана адам укуктарын коргоодогу чечкиндүүлүгү үчүн «Ак Бүркүт» ордени менен сыйлангандыгын айтты.

Дуда орденди тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө : "Ак Бүркүт ордени - Польшанын эң эски жана эң баалуу ордени. Ал Польша Республикасына жана анын айланасындагы жашоого өзгөчө салым кошкон өзгөчө адамдарга ыйгарылат. Сиз, Зеленский мырза, эч кандай шек жок, сиз өзгөчөсүз. Мекенге кылган кызматыңызды көрүп жатып көз жашымды жашыруу өтө кыйын. Украина да, сиз да мекендештериңизди калтырган жоксуз. Сиз мамлекеттин жана элдин үлгүлүү лидерисиз”,- деди.



Тектеш кабарлар