Орусия-Украина согушунда каза болгон балдардын саны
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады.
1969607
Орусия-Украина согушунда ушул кезге чейин 500дөн ашуун бала каза болду.
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан жарыялаган билдирүсүндө: «Украиналык балдар жана үй-бүлөлөр үчүн кайгылуу мезгил болду. Согуш башталган 2022-жылдын февраль айынан бери кеминде 501 бала каза тапты»,-деди.
Чыныгы сандын ЮНИСЕФ тарабынан тастыкталган сандардан алда канча жогору болушу мүмкүн экенин белгилеген Рассел, согушта кеминде 1000 баланын да жараланганын айтты.
Рассел: «Ар бир сандын артында ыдырап, биротоло өзгөргөн үй-бүлө бар. Бул жүрөктү оорутат. Акыр-аягы балдар жана үй-бүлөлөр тынчтыкка муктаж жана бул жакын арада болбойт», - деп сереп салды.