Эквадордо жер көчкүдөн каза болгондор

Апаатта каза болгондордун саны 28ге, жаракат алгандардын саны 38ге, дайынсыз жоголгондордун саны 61ге жеткени кабарланды.

1969383
Эквадордо жер көчкүдөн каза болгондор

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо 27-мартта болгон жер көчкүдөн каза тапкандардын саны 28ге жетти.

Эквадордун Улуттук тобокелдиктерди башкаруу катчылыгынын билдирүүсүндө, Чимборазо аймагындагы Алауси шаарчасында болгон жер көчкүнүн натыйжасында жоготуулардын көбөйгөндүгү белгиленди.

Билдирүүдө апаатта каза болгондордун саны 28ге, жаракат алгандардын саны 38ге, дайынсыз жоголгондордун саны 61ге жеткени кабарланды.

Издөө-куткаруу иштеринде ушул убакка чейин 32 кишинин куткарылганы маалымдалды.

Жетекчилер жер көчкүдөн 850 кишинин терс таасирленгенин, 170 кишинин үй-жайсыз калганын жана 57 үйдүн толугу менен кыйраганын билдиришти.

Жергиликтүү маалымат каражаттары, аймактагы тоодо бир канча убакыттан бери жаракалар пайда болуп, жер көчкүнүн жүрүшүнө себеп болгонун айтышкан.

Эквадордун Транспорт жана коомдук иштер министрлиги, жабылган жолдорду кыймылга кайра ачуу үчүн тынымсыз иштеп жатышканын жана 30-мартта Чимборазодо "өзгөчө кырдаал" жарыялаганын билдирген.



Тектеш кабарлар