Израиль күчтөрү 1 палестиналыкты камакка алышты

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Израил аскерлери Наблус шаарынын көптөгөн райондорунда тинтүү жүргүздү.

1966876
Израиль күчтөрү 1 палестиналыкты камакка алышты

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шерианын Наблус шаарында жүргүзгөн тинтүүдө бир палестиналыкты камакка алды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Израил аскерлери Наблус шаарынын көптөгөн райондорунда тинтүү жүргүздү.

Күбөлөрдүн айтымында, Наблустагы качкындар лагеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда бир үйдү курчап алган Израиль аскерлери менен палестиналыктардын ортосунда кагылышуу чыккан.

Израиль аскерлеринин таш ыргыткан палестиналык жаштарга пластикалык жана чыныгы октор менен бирге көздөн жаш агызуучу газ менен жооп кайтаргандыгын айткан күбөлөр аскелер курчоого алган үйдөн бир палестиналыкты камакка алгандан кийин аймактан чыккандыгын билдиришти.



Тектеш кабарлар