Орусия: Украина биздин жерге кол салды

Орусиянын Коргоо министрлиги Тула облусунун Киреевск шаарындагы жарылуунун себебине байланыштуу билдирүү жасады.

1965418
Орусия: Украина биздин жерге кол салды

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Ту-141 Strij үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараты (УУА) менен Орусия аймагына кол салганын билдирди.

Министрлик Орусиянын Тула облусунун Киреевск шаарындагы жарылуунун себебине байланыштуу билдирүү жасады.

Орус аймагында кол салуу болгонуна көңүл бурулган билдирүүдө, «Киев режими Ту-141 Strij үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппарат менен сокку уруу миссиясын аткаруу үчүн чабуул жасоого аракет кылды»,делди.

Тула аймагында орнотулган С-300 жана Pantsir-S1 абадан коргонуу ракета системалары менен Орусиянын абадан коргонуу системасы менен Поле-21 электрондук согуш системаларынын бул багытта ишенимдүү коргоону камсыздаганына көңүл бурган билдирүүдө, өзгөчө Поле-21 электрондук согуш системасынын Украинанын куралдуу учкучсуз учуучу аппаратынын навигация системасын иштен чыгарганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Багытын жоготкон учкучсуз учуучу аппарат Тула облусунун Киреевск шаарына кулап түштү. Окуя болгон жерде Орусиянын Коргоо министрлигинин, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштеп жатат»,-деп айтылды.

Борбор калаа Москвадан 220 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Тула облусунун Киреевск шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:19да жарылуу болуп, натыйжада окуя болгон жерде чуңкур пайда болгон.

Жардыруудан эки кишинин жараланганы, бир нече батирлүү 3 имараттын жана кээ бир кампалардын зыянга учураганы белгиленди.

СССР учурунда Украинанын Харьков шаарында чыгарылган, согуштук-тактикалык жана чалгындоо максаттарында колдонулган Туполев Ту-141 Strij үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппарат 6 миң метр бийиктикте уча алат, саатына 1110 километр ылдамдыкка жете алат жана 1000 километр аралыкка учуп бара алат.



Тектеш кабарлар