Украина: «Путин Беларусту өзөктүк барымтага алды»

Данилов социалдык медиа аркылуу жасаган билдирүүсүндө Путиндин бул билдирүүсүн Беларусту «ыраатсыздаштырууга карай кадамы» катары баалады.

1965161
Украина: «Путин Беларусту өзөктүк барымтага алды»

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин төрагасы Олексий Данилов, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Беларуска тактикалык өзөктүк куралды жайгаштырабыз деген билдирүүсүнө байланыштуу «(Орусия президентинин сарайы) Кремль Беларусту өзөктүк жактан барымтага алды»,-деди.

Данилов социалдык медиа аркылуу жасаган билдирүүсүндө Путиндин бул билдирүүсүн Беларусту «ыраатсыздаштырууга карай кадамы» катары баалады.

Данилов: «(Путиндин Беларуска тактикалык өзөктүк курал жөнүндөгү билдирүүсү) беларус коомчулугунда Орусия менен Путинге карата терс түшүнүктү жана коомчулуктун жактырбоосун максималдуу түрдө арттырат. Кремль Белоруссияны өзөктүк жактан барымтага алды»,-деп айтты.

Беларуска тактикалык өзөктүк куралдарды орното тургандарын белгилеген Путин : «Биз муну ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча эл аралык милдеттенмелерибизди бузбастан жасайбыз»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар