Блинкен: "Түркиянын жаңы F-16 учактарын сатып алышы НАТО үчүн маанилүү "

Блинкен АКШнын Өкүлдөр палатасынын тышкы байланыштар комитетинде сөз сүйлөдү.

1964412
Блинкен: "Түркиянын жаңы F-16 учактарын сатып алышы НАТО үчүн маанилүү "

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркиянын жаңы F-16 согуштук учактарын жана учурдагы Ф-16 флоту үчүн модернизация комплекттерин сатып алышынын НАТО үчүн маанилүү экенин айтты.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын тышкы байланыштар комитетинде сөз сүйлөгөн Блинкенге, F-16 учактарынын Түркияга сатылышы жана Жо Байден башкаруучулугунун Түркиянын бул F-16ларды АКШнын союздаштарына жана өнөктөштөрүнө каршы колдонбошу үчүн кандай кадамдарды жасаганы суралды.

Блинкен: «Түркиянын жаңыланган F-16ларды жана учурдагы F-16лар үчүн модернизация пакетин сатып алышы керек деп ойлойбуз. Бул НАТО үчүн, альянс үчүн маанилүү болот»,-деп жооп берди.

Бир тараптан НАТО шериктештеринин ортосундагы чыңалууну азайтуу жана чыңалууга себеп боло турган кыймылдардан же риторикалардан качуу үчүн аракет кылгандарын айткан Блинкен: «Түркия, Греция же башка НАТО союздаштарына байланыштуу аракеттерибиздин негизги максаты - алардын бири-бирине толук шайкеш келиши үчүн керектүү жабдууларды жана технологияларды камсыз кылуу. Ошол эле учурда, албетте эгерде алардын ортосунда кандайдыр бир келишпестик бар болсо, биз камсыз кылган кандайдыр бир жабдуулар же технологиянын ал келишпестиктерде колдонулбасын камсыздайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар