Байден жана Блинкен мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Рамазан айына тиешелүү жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да өз билдирүүсүн жарыялады.

1963928
Байден жана Блинкен мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктады.

Байден Рамазан айына тиешелүү жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

АКШдагы жана дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктаган Байден: «АКШ катары биз дагы ушул ыйык ой жүгүртүү мезгилинде кыйынчылыкка жана кыйроого учураган мусулман жамааттарын колдообузду дагы бир жолу кайталайбыз. Биз акыркы кыйратуучу жер титирөөлөрдө көптөгөн жакындарын жоготкон Түркия жана Сирия элдеринин жана өткөн жайда болгон сел апаатынан кийин жашоосун калыбына келтирип жаткан Пакистан элинин жанында болууну улантабыз»,-деп билдирүүсүн жасады.

Диний ишеним эркиндигине басым жасаган Байден: «АКШ катары өнөктөштөрүбүз менен бирге Кытай Эл Республикасындагы уйгурлар, Бирмадагы (Мьянма) рохинжалар жана эзилген мусулмандар, анын ичинде дүйнө жүзү боюнча куугунтукка кабылган башка мусулман жамааттары менен тилектешпиз»,-деди.

Мусулман америкалыктардын өлкөгө, илим жана технологиядан искусствого жана академияга, укук жана медицинадан соода жана бюрократияга кошкон салымдарын баса белгилеген Байден, дагы тең укуктуу, адилеттүү жана сабырдуу улут курууга болгон чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу кайталады.

Байден АКШдагы жана дүйнөдөгү бардык мусулмандарга кайрылып, Рамазан айынын берекелүү жана тынч өтүшүн каалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өз билдирүүсүндө, мусулман дүйнөсүндөгү өнөктөштөрүнө терең урмат-сыйларын билдиришкендерин белгилеп, «Биз өлкөдө да, четте да бардык адамдар үчүн дин эркиндигин шыктандырууну улантып жатабыз. 1,8 миллиард мусулманга берекелүү Рамазан каалайбыз»,деген сөздөргө орун берди.

Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс да Рамазан айы ыйык ай экенин белгилеп, мусулман Нью-Йорктуктарды Рамазан айы менен куттуктады.



Тектеш кабарлар