Столтенберг:«Финляндия менен Швециянын НАТОго толук мүчө болуусу маанилүү»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун борборундагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1963247
Столтенберг:«Финляндия менен Швециянын НАТОго толук мүчө болуусу маанилүү»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздары азырынча бардык мүчөлөр тарабынан жактырылбаса да, аскердик интеграция процесси уланып жатканын билдирди.

Столтенберг НАТОнун борборундагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесстерине токтолгон Столтенберг, эки өлкөнүн тең Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук маселелерин чечкенин жана 28-июнда Мадрид саммитинде кол коюлган үч тараптуу меморандумдун талаптарын аткарганын айтты.

«Түркия Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүүгө даяр»,-деп айткан Столтенберг бул чечимди жылуу кабыл алганын жана 14-майда Түркияда боло турган шайлоо алдында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) жабылышына чейин бекитүүнү күтүп жатканын айтты.

Столтенберг Венгрия парламентинин да Финляндиянын мүчөлүгү боюнча 27-марттагы добуш берүү чечимин кубаттаганын билдирди.

Столтенберг : «Эң негизгиси Финляндия менен Швециянын бир убакта кошулушу эмес, алардын НАТОго толук мүчө болуусу. Швеция дагы мүмкүн болушунча тез арада толук кандуу мүчө болгонго чейин иштөөнү улантам»,-деди.

Швециянын мүчө боло турганына ишенимин билдирген Столтенберг, Швеция менен Финляндиянын НАТО жыйындарына чакырылган өлкө катары катышканын жана НАТОнун жарандык жана аскердик инфраструктурасына көбүрөөк интеграциялангандарын айтты.

Столтенберг: «Бул интеграция процесси убакытты талап кылат. /.../Аскердик интеграция Түркия менен Венгрия ратификациялай элек болсо да уланууда. Анткени чакырылган өлкө болуу НАТОнун аскердик түзүмдөрүнө интеграциялануу дегенди билдирет»,-деди.



Тектеш кабарлар