Орус аскердик учагы АКШга таандык учактардын жолун тосту

Орус Коргонуу министрлигинен берилген маалыматта Балтика деңизинде АКШ аба күчтөрүнө таандык 2 "В-52Н" бомбалоочу учагынын орус абадан коргонуу системалары тарабынан аныкталгандыгы белгиленди.

1962904
Орус аскердик учагы АКШга таандык учактардын жолун тосту

Орус аскердик учагынын Балтика деңизинде АКШга таандык 2 бомбалоочу учактын чек ара эрежелерин бузуусун алдын алуу үчүн учкандыгы билдирилди.

Орус Коргонуу министрлигинен берилген маалыматта Балтика деңизинде АКШ аба күчтөрүнө таандык 2 "В-52Н" бомбалоочу учагынын орус абадан коргонуу системалары тарабынан аныкталгандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө  : "Батыш аскердик округунун абадан коргонуу бөлүктөрүнө караштуу Су-35 учагы Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасын бузууга жол бербөө үчүн учту. Бул учак абада белгиленген аймакка жайгаштырылды. Орус учагы чет элдик аскердик учактарынын мамлекеттик чек арадан алстоосу менен  кайтып келди",- деп айтылды. 

Орус аскердик учагынын аба мейкиндигинин колдонулушуна байланыштуу эл аралык эрежелерге ылайык учкандыгы белгиленген маалыматта чек ара эрежелеринин бузулушуна уруксат берилбегендиги баса белгиленди. 

Өткөн аптада Кара деңизде АКШга таандык MQ-9 үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттын орус аскердик учагы тарабынан кысмакка алынышы менен эл аралык сууга түшкөн.


 



Тектеш кабарлар