Украина: "Орусия Бахмутту басып алуу аракетин улантып жатат"
Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус армиясынын негизги аракеттерин Лиман, Бахмут, Авдиевка, Маринка жана Шахтерск багытында күчөткөнү белгиленди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, кагылышуулар уланып жаткан Бахмут шаарында 6-марттан бери 1100 орус аскеринин зыянсыздандырылганын билдирди.
Зеленский кечээки элге кайрылуусунда, кагылышуулар уланып жаткан Бахмут шаарында 6-марттан бери 1100 орус аскеринин өлгөнүн, 1500үнүн да жарадар болгонун жарыялады. Зеленский ошондой эле ондогон орус техникасынын талкалангандыгын жана 10дон ашык орус ок-дары кампасынын жок кылынганын маалымдады.
Украинанын Башкы штабы да, орус армиясынын Бахмут шаарын басып алуу аракетин улантып жатканын кабарлады.
Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус армиясынын негизги аракеттерин Лиман, Бахмут, Авдиевка, Маринка жана Шахтерск багытында күчөткөнү белгиленди.
Орус күчтөрүнүн акыркы суткада Донецк аймагындагы Славянск шаарынын инфраструктурасына ракеталык чабуулдарды ишке ашырганы маалымдалган билдирүүдө: «Душман 6 жолу абадан сокку урду жана ракеталык системадан 20 чабуул жасады»,-деп айтылды.
Билдирүүдө орус аскерлеринин Бахмут шаарын басып алуу аракетин улантып жатканы кабарланып, Украина армиясынын бул багыттардагы Минкивка жана Орихово-Васильевка конуштарында орус кол салууларынын мизин кайтарганы баса белгиленди.
Ошондой эле Донецк облусунун Бохдановка, Бахмут, Часов Яр, Курдюмивка, Дружба, Майорск жана Нью-Йорк шаарларынын кол салууларга дуушар болгону маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.