Европа Биримдигинен Израиль жана Палестина тараптарына кайрылуу жасалды

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсү...

1957091
Европа Биримдигинен Израиль жана Палестина тараптарына кайрылуу жасалды

Европа Биримдиги (ЕБ), Израиль жана Палестиналык тараптарды чыңалууну азайтууга чакырды.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, ««Европа Биримдиги жана ага мүчө өлкөлөр Израилде жана басып алынган Палестина жерлеринде балдар да болгон барган сайын көбөйүп жаткан Израиль менен Палестинанын курмандыктарына алып келген зордук-зомбулуктун жана экстремизмдин күчөшүнө терең тынчсызданат. Чыгыш Кудс менен катар Газа жана Батыш Шериадагы кырдаал абдан тынчсыздандырат»,-деди.

«Биз Израиль менен Палестинанын лидерлерин кырдаалды деэскалациялоого жана чыңалууну күчөтө турган аракеттерден алыс болууга чакырабыз»,-деп айтылган билдирүүдө мыйзамсыз отурукташуулар тууралуу, «Израиль конуштарды кеңейтүүнү токтотуп, отурукташкандардын зордук-зомбулукка баруусуна жол бербөөсү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуусу керек»,делди.

Аскердик операциялар ченемдүү жана эл аралык гуманитардык укукка ылайык болушу керектиги баса белгиленген билдирүүдө: «Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаал чектөөлөрдү андан ары жеңилдетүүнү талап кылат. Ыйык жайлардын статус-квосу мурунку түшүнүүлөргө ылайык жана Иорданиянын өзгөчө ролун урматтоо менен сакталышы керек. Христиандар, жөөттөр жана мусулмандар ортосунда тынчтыкта ​​жанаша жашоо камсыз кылынышы керек. Бул маселелердин баары тынчтыктын алдында тоскоолдук болуп саналат. Эки мамлекеттүү чечимге карай саясий горизонтту калыбына келтирүү өтө маанилүү. Сүйлөшүлгөн келишим гана бардыгы үчүн коопсуздук жана тынчтык үчүн мүмкүнчүлүк берет»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Евробиримдиктин Араб тынчтык демилгесин жандантууга жана анын бул багыттагы аракеттерине маани берип жатканы айтылат.



Тектеш кабарлар