Германиянын Батыш Балкан өлкөлөрүнө колдоосу

Олаф Шольц Германиянын борбор шаары Берлинде Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

1956492
Германиянын Батыш Балкан өлкөлөрүнө колдоосу

Германиянын канцлери Олаф Шольц өлкөсүнүн Батыш Балкан өлкөлөрүнө жана алардын Европа Биримдигине (ЕБ) интеграцияланышын колдой турганын ырастады.

Германиянын борбор шаары Берлинде Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөн Шольц: «Немис өкмөтү үчүн Батыш Балкандагы 6 өлкөнүн ЕБ менен тез интеграциясы стратегиялык мааниге ээ»,-деди.

Шольц аталган өлкөлөрдүн Евробиримдикке мүчөлүк процессине токтолуп: «Биз бул өлкөлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк ЕБге мүчө мамлекеттер катары кабыл алууну каалайбыз. Бул үчүн Албаниянын Евробиримдикке мүчөлүк процессинде жетишкен ийгиликтери да жакшы белги»,-деп айтты.

Ошондой эле ЕБ жана Батыш Балкан өлкөлөрүнүн лидерлеринин «Берлин процесси» демилгесинин алкагында 16-октябрда Албаниянын борбор шаары Тиранада чогулуп, кызматташтыкты арттыра турган жана интеграцияны ылдамдата турган кадамдарды талкуулай тургандарын белгиледи.

Албаниянын премьер-министри Рама да Тиранада өтө турган саммиттин маанисине көңүл буруп: «Бул саммит кызматташтыкты бекемдейт. Аймактык кызматташтык биз үчүн эң маанилүү жол. Германиянын биз менен алдыга жылышы да маанилүү»,-деди.

Германия Орусия-Украина согушу аймакта туруксуздукка алып келиши мүмкүн деп чочулап, акыркы айларда Батыш Балкандарга карата дипломатиялык аракеттерин арттырды.



Тектеш кабарлар