БУУда аял укуктарына басым жасалды
Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар бөлүмүнүн аткаруучу директору Сима Бахус аялдардын укуктары боюнча багытты түп-тамырынан өзгөртүү керектигин билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар бөлүмүнүн аткаруучу директору Сима Бахус аялдардын укуктары боюнча багытты түп-тамырынан өзгөртүү керектигин билдирди.
БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» сессиясында сөз сүйлөгөн Бахус 20 жыл мурда кабыл алынган 1325-чечим менен гендердик теңчилик боюнча тарыхый кадамдын ташталганын, бирок аял укуктары тамагында азыр да маанилүү кемчиликтердин бар экенин айтты.
Бахус : "Негизинен бул чечимдин 20 - жылын белгилегендин ордуна бир ойгонуу катары кароо керек",- деди.
«Аялдардын статусунун» курчоодо экенине көңүл бурган Бахус, социалдык медиа сыяктуу технологиялык өнүгүүлөр менен пайда болгон маселелердин аялдарга олуттуу түрдө таасир тийгизгендигине көңүл бурду.
Украинадагы согуштун биринчи жылынан кийин жер которгон 8 миллион украиналыктын 90 пайызынын аялдар жана балдар экенин белгилеген Бахус : «Украинадагы бир гана чечүүчү жол аялдар да кошулган тынчтык",- деди.
Бахус : "Аял укуктары боюнча багытты түп-тамырынан өзгөртүүгө мажбурбуз",- деди.
Аял укуктары боюнча бири биринин артынан жыйындарды өткөрүүнүн ордуна конкреттүү кадамдардын ташталышы керектигин белгилеген Бахус, керектүү булактардын өзгөчө аялдар уюмдарына өткөрүлүшүнүн маанилүү экендигин белгиледи.