АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Иракта...

Остин күтүүсүз сапар менен барган Ирактын борбор шаары Багдадда маалымат жыйын өткөрдү.

1956266
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Иракта...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин, Иракта террор уюму ДЕАШтын жок кылынышы үчүн Багдад башкаруучулугуна колдоо көрсөтүүнү уланткандарын айтты.

Остин күтүүсүз сапар менен барган Ирактын борбор шаары Багдадда маалымат жыйын өткөрдү.

ДЕАШка каршы түзүлгөн коалиция күчтөрүнүн Ирак өкмөтү менен биргелешип иш алып баруу менен террордук уюмду жок кылууга чечкиндүү экенин белгилеген Остин: «Биз ДЕАШты толугу менен жок кылуу маселесине көңүл бурдук. Аскердик аракеттер ДЕАШтын жок болушуна жалгыз кепилдик бере албайт. АКШнын Ирактагы турумуна жасалган ар кандай кол салуу да ДЕАШ менен күрөштү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн»,-деп айтты.

АКШнын Коргоо министри Багдадга жасаган сапарына байланыштуу Твиттер эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө стратегиялык өнөктөштүккө да басым жасады.

Остин: «Мен бул жерге АКШ менен Ирактын стратегиялык кызматташтыгына кайрадан басым жасоо үчүн келдим. Коопсуз, стабилдүү жана эгемен Иракка карай», - деди.

Ирактын премьер-министринин кеңсеси билдиргендей, АКШнын коргоо министри Остин Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа ал-Судани менен Багдадда жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн карым-катнаштары жана Ирак күчтөрүнүн ДЕАШка каршы күрөшү талкууланды.

АКШ менен бардык тармакта карым-катнаштарды күчтөндүрүүгө маани бергендерин билдирген Судани, Ирактын аймак жана дүйнө өлкөлөрү менен тең салмактуу карым-катнаштарды түзүүнү жактаганын айтты.

Жолугушууда Ирактын коопсуздугу жана ырааттуулугун колдогондорун белгилеген Остин Ирак менен ар түрдүү тармактарда кызматташууну улантууну каалашкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар