Германиянын коргоо министри : "Армиябыз өлкөнү коргоо күчүнө ээ эмес"
Германиянын коргоо министри Борис Писториус немис армиясынын өлкөнү коргоого күчү жетпей тургандыгын айтты.
1953920
Германиянын коргоо министри Борис Писториус немис армиясынын өлкөнү коргоого күчү жетпей тургандыгын айтты.
Bild гезитинин Социал - демократ партиясынын Парламенттик тобунун чөйрөлөрүнө таянган кабарына караганда, Писториус депутаттарга: «Кол салууга каршы коргоно турган куралдуу күчүбүз жок»,- деди.
Писториус сөзүндө өлкөсүнүн НАТО союздаштыгындагы милдеттерин эске салып : "Союздаштык милдеттерибизди а аларды кайра-кайра аткарышыбыз керек. Өткөн күндөрдө муну аткарган жокпуз»,- деди.
Коргоо министри Писториус убакытты өткөрбөстөн немис армиясы муктаж болгон курал жана каражаттарды сатып алуу керектигин да белгиледи.