Араб парламенти БУУну жөөт фанаттарын террорчулардын тизмесине киргизүүгө чакырды

Араб парламентинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта радикал жөөт отурукташуучу кошуундары басып алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Хуввара шаарчасында жана башка аймактардагы зомбулук аракеттерине каршылык көрсөтүштү.

1953165
Араб парламенти БУУну жөөт фанаттарын террорчулардын тизмесине киргизүүгө чакырды

Араб парламенти Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин Израилден келген жөөт отурукташкан кошуундарын террорчулардын тизмесине киргизүүгө чакырды.

Араб парламентинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта радикал жөөт отурукташуучу кошуундары басып алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Хуввара шаарчасында жана башка аймактардагы зомбулук аракеттерине каршылык көрсөтүштү.

Палестиналыктарга каршы зомбулукту айыптаган билдирүүдө, «Жөөт отурукташкандардын Палестинанын коргонуусуз жарандарына каршы террору системалуу болуп калды. Жөөт отурукташкандары палестиналыктарга каршы ок атуу, үйлөрүн жана унааларын өрттөп, айыл чарба жерлерине кол салуу сыяктуу кылмыштарын улантууда. Анткени аларга каршы эч кандай бөгөт коюу чарасы көрүлбөй жатат»,делди.

Билдирүүдө эл аралык коомчулук жана БУУнун Коопсуздук кеңеши жөөт отурукташкандарынын палестиналыктарга кол салууларын токтоосуз токтотуу жана отурукташуучулардын кошуундарын террористтердин тизмесине киргизүү үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

22-февралда оккупацияланган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблуска израилдик күчтөр бир нече пункттан рейд жүргүзүп, аймакта чыңалуу кайрадан күчөдү.

Наблустун тарыхый Эски шаарында бир үйдү курчоого алган израилдик аскерлер рейдге каршылык көрсөткөн палестиналыктарга чыныгы октор менен кийлигишип, бир жаш бала жана эки улгайган жалпы 11 палестиналыкты өлтүрүп, 6сы оор 100дөн ашуун палестиналыкты жаралады.

Батыш Шерианын түндүгүндөгү Хуввара шаарында жекшемби күнү куралдуу кол салууда эки жөөт отурукташуучу каза болгондон кийин, жүздөгөн фанат жөөт Израиль армиясынын көзөмөлүндө Хуварага келип, палестиналыктарга каршы массалык өч алуу чабуулдарын жасашты.

Шаарда отурукташкандар ондогон үйлөрдү жана унааларды өрттөп, палестиналыктарга кол салышып, бир адамды өлтүрүшкөн.



Тектеш кабарлар