АКШнын  Өкүлдөр палатасында Асад режиминин аракеттерин айыптаган токтом долбоору кабыл алынды

Мыйзам долбоору 414 «макул» 2 «каршы» добуш менен кабыл алынды.

1952496
АКШнын  Өкүлдөр палатасында Асад режиминин аракеттерин айыптаган токтом долбоору кабыл алынды

 Америка Кошмо Штаттарынын  Өкүлдөр палатасында Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарды колдогон жана Бириккен Улуттар Уюмунун  жардамдарын жер титирөөдөн жабыркагандарга жеткирүүдө тоскоол болгон Сириядагы Асад режиминин аракеттерин айыптаган токтом долбоору кабыл алынды.

АКШ Конгрессинин төмөнкү канаты Өкүлдөр палатасында 6 -  февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөрдөн жабыркаган Түркия жана сириялыктарга көңүл айтылып, АКШнын Түркия жана Сирия калкына берген колдоону кубаттаган жана Асад режиминин БУУнун жардамдарынын өлкөнүн түндүгүндөгүлөргө жеткирүүдө тоскоол болгон аракеттери айыпталган чечим долбоору добушка сунулду.

 Долбоор  414 «макул» 2 «каршы» добуш менен кабыл алынды.

Долбоордр  Өкүлдөр парламентинин «жер титирөөлөрдөн улам Түркия жана Сирияда каза болгондор үчүн аза күткөндүгү» белгиленип, каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө  көңү айтылды. Өзгөчө жер титирөөлөрдөн кийин аянтта гуманитардык жардам жана издөө – куткаруу иштерин аткарган АКШнын Эл аралык өнүгүү агентти (USAID), Сириядагы Ак каскачандар жана Инжирлик аба базасындагы кызматкерлер менен бирге АКШ өкмөтү, башка өлкөлөр жана жарандык коом мекемелеринин колдоолоруна да баа берилди.

Түркия жана Сирияда өз ыктыяры менен салымын кошкондорго да баа берилген долбоордо эл аралык коомчулукка жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга жардам берүүгө чакыруу салынды.

Мыйзам долбоорунда Түркиянын өлкөнүн ичинде жана Сириянын түндүк - батышындагы сириялыктарга колдоо көрсөтүүсүнө да ыраазычылык билдирилди.

Долбоордо «Өкүлдөр парламенти Асад режиминин БУУнун Түркия менен Сириянын ортосундагы бир нече чек ара капкасынан жардам берилишине тоскоол болуу, эл аралык кысым жана жоопкерчиликтерден качуу үчүн апааттан уялбастан пайдалануу аракеттерин айыптайт»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар